АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК
– укуктун мамл. башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу тармагы ж‑a аткаруу бийлигинде колдонула турган атайын эреже‑нормалар. Булар бийлик органдарынын, мамл. кызматкерлердин иштерин белгилейт. Юрид. мааниси б‑ча А. у. төмөндөгүлөргө бөлүнөт: а) ата йын мамл. ишти аткарууга милдеттендирүү, мис., КРдин жарандык мыйзамдарына ылайык салык ж‑a жыйым төлөөгө милдеттүү; б) тыюу салуу – бийлик көрсөтмөсү б‑ча тыюу салуу, мис., адм. укукту бузганы үчүн жаза; в) ыйгарым укук берилген бийлик – өз ыктыяры м‑н нормадагы белгиленген чекте башкаруу.
С. Алымкулов.
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР – КРдин мыйзамдары м‑н адм. жоопкерчилик бел гиленген аракеттердин же аракетсиздиктин жеке адам же юрид. жак тарабынан укукка каршы атайылап жасалган күнөөлүү аракеттер же аракетсиздиктер (атайылап же байкабастыктан). А. у. б‑га мис., коомдук тартипти, жолдо жүрүүнүн, санитариялык, өрткө каршы, бажы, салык эрежелерин, электр же жылуулук энер-
гиясын ысырап пайдалануу, жер мыйзамдарын, тарых ж‑a мад‑т эстеликтерин коргоонун, пайдалануунун эрежелерин бузуу ж. б. кирет. А. у. б‑ды атайылап жасаганга аны бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин укукка кар шы экендигин, зыяндуу залал болорун билип туруп ишке ашыруусу же ага жол берүүсү ки рет. Эгерде адм. укуктарды бузган жак өз аракетинин же аракетсиздигинин аркасында зыян дуу болорун билип туруп, бирок жеңил ойлуулук м‑н аны болтурбаймын деп ойлосо же мындай залалдын болорун билбей калып жасаса, анда А. у. б. байкабастыктан жасалган деп эсептелет. К. Эсенканов.