АДИСТИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – даярдоо процессинде алган ж‑а ке сиптик квалификациясынын белгилүү деңгээлин камсыз кылган билимдердин, көндүмдөрдүн жыйындысы; жумушчунун (кызматкердин) өз кесибинин чегинде чеберчилигинин конкреттүү багыты. Ал ээлеген кызматтан айырмаланып, белгилүү бир билим ж‑а эмгек жөндөмдүүлүгүнүн түпкү тегин чагылдырат. А. атайын кесиптик билимден, даярдыктан же иш тажрыйбадан улам калыптанат. Ал өзүнө жумушчунун (кыз маткердин) эмгек ишмердүүлүгүн толук камты­са, кесип түшүнүгүнө дал келет.