АДИПИН КИСЛОТАСЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
НООС-(СН2)4‑СООН –эки негиздүү орг. к‑та. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү 1149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда эрийт, этил спиртинде ж‑а эфирде аз өлчөмдө эрийт. Ал циклогексанолду азот к‑тасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек м‑н окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.