АДЕНОВИРУС ООРУЛАРЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кишинин ж‑а жаныбарлардын аденовирустар козгоочу жугуштуу оорусу. Мында кишинин көзүнүн, ичегисинин, дем алуу жолунун былжыр челдери сезгенет. Энеден берилген иммунитет балада 6 айга чейин сакталат. А. о. бейтап адам дан, ви рус алып жүрүүчүдөн, о. эле оорулуу колдонгон буюмдан, идиштен жугат. Оорунун жашыруун мезгили 3‑14 күн. А. о‑нда эти ысыйт, алы кетет, башы ооруйт, окшуп, кусат. Кээде оору грипп сыяктуу капысынан башталат. Дене ысып, мурун бүтөт, көз жапкактары кызарып, көздөн жаш агып, бир нерсе түшкөндөй өйкөйт. Шилекей жуткурбай тамагы ооруйт. Айрым учурда каргылданып үнү бүтөт, деми кыстыгып, дем алуу кыйындайт, жөтөлөт. Кээде ичеги‑карын сезгенип, ич өтөт. Дарылоодо антибиотиктер
ж‑а витаминдер колдонулат. А. о. жаныбарларда дем алуу, тамак сиңирүү органдарын жабыркатып, катуу өтөт, конъюнктивит да болот. Кой, эчки, бодо мал, жылкы, чочко, ит, куштар оорушат. Диагнозу, клиникалык белгилери лабор. жол м‑н аныкталат.