АДАТ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(ар. каада, салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калыптанган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө айланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коомдук пикир м‑н корголгон улуттук, элдик, этникалык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тара бынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү м‑н аткарылат ж‑а сакталат. «Постиндустриялык» заман талабына жараша жаңы A‑тар калыптанууда.