АДАПТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (лат. adaptatio – ыңгайлануу) биологияда – белгилүү бир биол. түрдүн морфофизиол., жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгай­ланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бар­дык тепкичтеринде А. калыптана берет. А. жа­шоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организм­дин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы ж‑a жеке А. болуп экиге бөлүнөт. А‑нын эвол. өрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бир­ден бир борб. проблемасы. А. тукум куугучтук­тун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун ж‑a мутациянын натый­жасында ишке ашат да, организмдин клетка­лары м‑н ткандарынын кээ бир тиричилик ара­кеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда орга низмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында А. пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары м‑н клеткаларынын түзүлүшүндө ж‑a функциясында жашоо шарты на ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мис., А‑нын натыйжасында жарганаттын ал­дынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, ты­йын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑бутта­ры даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүү-

чүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айлан­ган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска ж‑a канаттуулардын кээ бир түр­лөрү аркылуу чаңцашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүм­дүктө ар кандай морфол., физиол., анат. ж‑а биохим. өзгөрүүлөр болот. 19‑к‑дын 2‑жарымын­да Ч. Дарвин эвол. теорияны ачкандан баштап, А. организмдеги туруктуу процесс болбостон, орг. эволюциянын үч фактору – өзгөргучтук, ту кум куугучтук ж‑а табигый тандалуунун на тыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс ка тары каралат.
Ад.: Жученко А А Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Ак туальные проблемы биологической науки, М., 1984.