АДАМ ЭКОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 антропоэколо ги я – адамдын көп компоненттүү, дайыма та­таалдашып турган динамикалуу жашоо чөйрөсү м‑н өз ара карым‑катнашын комплекстүү изил­дөөчү илим; социал. экологиянын бир бөлүгү. Анын негизги максаты адамдын иш‑аракетинин натыйжасы м‑н өндүрүштүк‑экон., атайын өз­дөштүрүүнүн ж‑a табигый ландшафттын өзгө­рүүсүнүн закон ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүү, анын зыяндуу кесепеттерин алдын алуу м‑н болтурбоо чараларын көрүү. Терминди амер. окумуштуулар Р. Парк ж‑a Э. Бюргесс киргиз­ген (1921). Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун баалоосу б‑ча адам оорусунун % бөлүгү курчап турган чөйрөнүн экол. бузулушу м‑н байланыштуу. Айлана‑чөйрөгө түрдүү ант­ропогендик уулуу заттардын ашыкча топтолу­шунан ар кандай оорулар пайда болот. Мис., Японияда «Минамата» (сымаптын кошулмала­рынын көбөйүшү), «Итай‑Итай» (кадмийдин көбөйүшү), чернобыль оорусу (радиоизотоп йод ­131) ж. б. Курчап турган өнөр жайлуу борбор­лордун калкы өзгөчө жапа чегүүдө. Кийинки

кездери шаар тургундарынын арасында онколо гия оорулары көбөйүүдө. Ал чөйрөнүн булганы­шы, социал.-экон. факторлор (алкоголь, гормон­дук бузулуу, тамак‑аштын начарлашы ж. б.) м‑н байланыштуу, к. Экология.
Ад.: Акимова Т. А., Хаскин В. В. Экология. М., 1998; Данилов‑Данильян В. И., Лосев Н. С. Экологический вызов и устойчивое развитие. М., 2000; Алдашева А А и др. Экологическое сознание. М., 2001.
Т. Ниязов.