АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – адамдын негизги укукта рын ж‑a эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуал­дык укуктардын жыйындысы. Буларга укук­тарды ж‑a эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамл. органдардын же алар­дын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери­нен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулу­гу, эгер коргоонун мамл. ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоо б‑ча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз ж‑a бейтарап калыс сот, о. эле адам укуктарын коргоо Конституцияда карал ган мыйзам м‑н белгиленген Омбудсмен – Акый­катчы; адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди ж‑a чектерди белгилеген эрежелер кирет.	
М. Керимбаев.