АЮУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Ursidae) ‒ сүт эмүүчүлөр классынын жырткычтар түркүмүнүн тукуму. Алп денелүү зор айбан. Башы чоӊ, тумшугу узунураак. Буттары беш манжалуу, күчтүү, тырмактары ичине кирбейт. Куйругу кыска. Жүнү жыш, калыӊ; тиштери чоӊ, жыт билүүсү жакшы өрчүгөн. Геогр. шарттарга ыӊгайлашып жашоосуна карай ак, кара, күрөӊ түрлөргө бөлүнөт. Алар

чөлдө, бийик тоодо, тропик токойлордон Арктикага чейин таралган. Европа, Азия, Кавказ, О. Азиянын тоолуу жерлери м-н токойлорунда кездешет. Кырг-нда эӊ чоӊ күрөӊ аюу жашайт. А-дын кууту июнь айында башталат. Октябрда чээнге кирет, чээнде 1‒5

1‒ ак аюу,
2‒ күрөӊ аюу.

мамалак тууйт. А-дын саны кескин азаюуда, көп өлкөлөрдө коргоого алынган.