АЮ КУЛАК
Jump to navigation
Jump to search
(Verbascum) ‒ эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Норичниктер уруусуна кирет. Сабагы тик өсөт, жалбырагы боз түк м-н жыш капталган, уз. 60‒220 см. Тик жалбырагы жоон сабагынын тамырлаш жагын курчап жайгашат, уз. 30‒50 см, эни 12‒14 см. Топ гүлү-шыпыргы, машак сымал же чачы. Гүлдөрү сары же сыя түстүү. Мөмөсү–тоголок же узата келген кутуча. Европа, Алдынкы Азия, Түн. Африка, Америкада 300, Кырг-нда 7 түрү бар. Жол боюнда, шалбаада өсөт. Кадимки ж-а дары А-тын гүлү какырык чыгаруучу,ичти жумшартуучу дары катары колдонулат.