АВТОРИТАРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 24 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. autor ‒ түзүүчү, жаратуучу ж-а лат. autoritas ‒ бийлик, таасир) ‒ жарандардын саясий укуктары м-н эркиндиктери жок же олуттуу чектелген, алардын башкаруучу төбөлдөрдүн иштерине таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк бербеген саясий режим. А. демокр. эмес бийлик жүргүзүү системасы, өлкөнүн ички ж-а тышкы саясатына тиешелүү маселелерди демократияга, эл массасына таянбай чечүүчү саясий режимдин бир формасы. Мындай бийлик бир кишинин колуна же бир органга топтолот ж-а өкүлдүү башкаруу ин-ттарынын ролун төмөн түшүрөт, оппозицияларды ж-а коомдук автономиялуу саясий системалардын иштерин минимумга алып келет. Авторитардык режим эл тарабынан түзүлбөйт ж-а башкарылбайт, текшерилбейт; куралдуу күчкө, зордук-зомбулукка таянган бийликтин аз тобунун колунда болот. Авторитардык бийлик аскердик жазалоочу аппаратка таянып, террор жолу м-н оппозициялык күчтөрдү басып турат. 20-к-дын 30‒40-жылдарында мурдагы СССР мамлекетинде А. жеке адамга сыйынуу, булар м-н өзөктөш тоталитаризм (бийликтин бүткүл өлкөнү, ар адамды толук, бекем, катуу көзөмөлгө алышы) ‒ адм.‒ буйрукчул система өкүм сүргөн. А. термини социологияга Франкфурт мектебинин теоретиктери тарабынан киргизилген (20-к. 30-ж.). Алардын концепциясы б-ча А. 20-к-дагы бардык «фашисттик» ж-а «фашизоиддик» режимдердин бардыгына социалдык негиз ж-а азыктануучу чөйрө болду. 60-жылдарда А. түшүнүгү солрадикалдык социологияда ж-а публицистикада пайдаланылган. 70-жылдардын ортосунан неоконсервативдик багыттагы социалогияда сынга алынат. Азыркы Батыш социологдору, А-ге өзгөчө мамиле кылуу, айрыкча эмпириялык изилдөөлөрдө колдонгондо сак болуу зарыл дешет. Акыркы жылдарда фашисттик тенденциялар пайда боло баштагандан бери А. ж-а тоталитардык типтеги аӊ-сезимди айырмалоо ж-дөгү көз караштар басымдуулук кылууда.
Т. Эсенгелдиев, А. Ишеналиева.