АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – душмандын тылында согушууга дайындалган аскер түрү. А.-д. а. парашют-десанттык, танкалык, артиллериялык, өзү жүрүүчү артиллерия ж. б. аскер бирикмелеринен, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн ж-а байланыш, инженердик сыяктуу атайын аскердик бөлүктөрдөн түзүлөт. Аларга парашют м-н самолёттон секирүүнүн ж-а согушуунун атайын тактикасы үйрөтүлөт. Стратегиялык А.-д. а-нин душмандын терең тылындагы эң орчундуу жерлерди ээлөөгө ж-а негизги күчтөр келгенче кармап

турууга, анын мамл. ж-a согуштук башкаруу
түйүнүн кыйратууга, ядролук чабуул коюучу каражаттарын, базаларды ж. б. маанилүү объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар өз милдеттерин куралдуу күчтөрдүн баш ка түрлөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү м-н биргелешип аткарат. А.-д. а-н душмандын тылына түшүрүү үчүн аскердик-трансп. авиация колдонулат. Дүйнөдөгү болуп жаткан улуттар аралык, этникалык чыр-чатактардын, локалдык согуштардын тажрыйбасы А.-д. а-нин мааниси зор экендигин ачык далилдөөдө.