АБУ БАКР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, Абдаллах ибн Осмон Аб у Б е к р (572, Меке – 23. 8. 634) – Араб халифатындагы биринчи халиф (632-жылдан); Мухаммед пайгамбардын ишин улантуучу. Ал Мухаммеддин жакын жолдошу ж-а анын алгачкы колдоочуларынан болгон, о. эле пайгамбар дын аялы Айшанын атасы. Мухаммеддин окуусуна чексиз берилгендиги үчүн ардактуу ас-Сиддик (өтө такыба) деген атакка ээ болгон. 631-ж. мусулмандардын Мединадан Мекеге барган ажылык сапарына башчылык кылган. 632-ж. Му хаммед кайтыш болгондон кийин Меке, Меди на мусулмандар коомунун башчысы. А. Б-дин тушунда (632–634) исламдык позиция Арабстанда бекемделип, таасири Сирия м-н Иракка тараган. А. Б-дин буйругу м-н Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандарынын» жыйнагы түзүлгөн, ал кийинчерээк Курандын негизин түзгөн.
М. Абдылдаев.