АВИЗО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (итал. aviso) – эсеп операциясынын аткарылгандыгы тууралуу банктын расмий билдирүүсү. А. айрыкча банктар өзара эсептешүүдө көп колдонулат. Анын негизги реквизиттери: номери, операция катталган дата, мүнөзү, суммасы, төлөөчүнүн же кепилдин аталышы. А. кардарларга алардын эсептери б-ча дебеттик каттоо, аккредитивдерди ачуу, чектерди ж-а которулма векселдерди коюу, акча которуу, алардын эсебиндеги акча калдыктары ж-а баш ка операциялар ж-дө кабарлоо үчүн колдонулат.