АВАНГАРДИЗМ
(фр. avantgard - алдынкы чек, алдынкы отряд) - көркөмдүк салттардан кол үзүү ж-а чыг-тын принципиалдуу жаңы формаларын иштеп чыгуу максатында эксперимент жүргүзүүнүн зарылдыгын жарыялаган 20-к-дын ад-ты м-н иск-восундагы багыттардын жыйындысы. Жалпысынан алганда А. өткөн кылымдын туундусу катары эксперименталдык, модернисттик адаттан сырткаркы башталыштарды баса белгилеген изденүүлөрдү бириктирет. «А.» термини көркөм адабий сында адеп колдонулуп, иск-во ж-дө илимге 1950-ж. кирген. Ар кайсы тарыхый этаптарда биринчи жол баштоочулардан болуп, бири-бирине алмашып төмөнкүдөй авангарддык багыттар чыгып турган: кубизм, футуризм, экспрессионизм, абстракционизм;
1920-30-ж. мындай роль сюрреализмге өткөн;
дүйнөлүк согуштан кийин 1940-50-ж-дын аягында биринчи орунга абстракттуу көркөм иск-вонун жаңы агымдары чыгышкан. 196070-ж. акционизмдин ар кандай формалары, предмет м-н иштөө (поп-арт), концептуалдык көркөм иск-во пайда болот. Көркөм процесстердин кес-
кин тез өнүгүшү м-н белгиленген көп факторлордун,
а. и. батыш өлкөлөрүнө таандык адаттан тыш көркөм турмушгу уюш-
туруудагы жаңы ыкма көркөм рыноктун таасири астында калыптанды. А-дин чектери ар кандайча аныкталат: анын аякташы неоаван гардизм пайда болгон же постмодернизмдин калыптанган мезгилине дал келет. Бирок ошондой болсо да А. принциптерин ар кандай лоң» позициясын ээлешти. А-дин принциптүү антитрадиционализми
(традиционализмге каршылыгы), анын сулуулуктун ж-а көркөм сүрөттөөнүн классикалык нормаларынан баш тартышы болуп көрбөгөндөй формалдуу жаңычылдыкка багыт алуусуна же өздүк көркөм иск-вонун эң төмөнкү формаларына, примитивдүүлүгүнө байланышкан.
Көркөм ачылыш, дайыма жаңыланып туруу жөндөмдүүлүгү милдеттүү эрежелерден болуп кал ды. Муну м-н А-дин программалуулугу манифесттерди түзүү ж-а жарыкка чыгаруу, ар дайым келечекке умтулуу, чыг-тын бардык түрүндөгү «долбоорлуулук», көркөм иск-во кара жаттары м-н ишке ашырылуучу алдын-ала айтуу ж-а турмуш өзөгүн куруу жөндөмү м-н шартталган. Сүрөтчү-авангардист өзүнүн субъективдүү дүйнө моделин жаратат ж-а бул нерсе ошол турмуштун чегинде «экинчи реалдуулук» курулушуна өсүп чыгат. Авангарддык көркөм иск-водо сүрөттөө экспрессивдүү деформацияларга, аналитикалык майдаланууга, ар кыл оюндук өзгөрүүлөргө туш болот. Кээ бир учурда аб стракттуу көркөм иск-водо көркөмдөлүп сүрөттөлүштү толук сүрүп чыгууга чейин барат. Көркөм иск-во м-н реалдуу турмуштун ортосундагы чектердин жоюлушу же буга чейин көркөм иск-во м-н сыйышпайт деп эсептелген тармакка кийлигишүү А. үчүн мүнөздүү формалар, коллаж, редимейд, инсталляция, энвайрон- ментте ачык көрүнөт, аларда адамды курчап турган айлана-чөйрөгө тикелей кошулган көркөм иск-вонун «ачык» чыгармалар программасы ишке ашырылат. 1960-жылдан баштан А. сүрөтчүлөрү көрүүчүнүн кабыл алуусунда болуп
жаткан ой трансформацияларын же чыныгы кыймылды пайдалана башташты (кинетикалык көркөм иск-во, акционизм), көркөм иск-вонун чөйрөгө кирип келиши, аны өз мыйзамына ылайык өзгөртүүсү А. сүрөтчүлөрүнүн чыг-тын аралаш (синтетикалык) формаларында (монументалдык живопись, монументалдык скульп тор лук, дизайн, бакча-парктык көркөм искво, интерьерди жасалгалоо, сценография, вит раж, керамика, килем ж. б.) да алардын активдүүлүгүн жөнгө салды. А. ыкмалары, анын ба-
гыттары көз караштын көркөм чыг-ка болгон максаттарынан (мис., практикалык, тааныпбилүүчү, аң-сезимдүү жасалгалык ж. б.) бошотулган аракеттен, ал эми көркөм объектиге көнүп калган функция, байланыш, ассоциациялардан бөлөк турган предметтей кароосу м-н түшүндүрүлөт. Ошондуктан предметтин ал үчүн
таптакыр башка чөйрөгө өтүшү көркөм акция болуп калган. Эң башынан эле өзүн өзү сүрөттөөгө, «искусстводогу искусство» жаратууга багыт алган. Формалдуу кабыл алуу, визуалдык формалар м-н ар кандай баскычтагы белгилердин өз ара мамилелеринин анализин ачып көрсөтүү А-дин өз алдынча милдеттеринен болуп калды. А. 20-к-дагы аң-сезимдин өз алдынча активдүүлүгүн, адам м-н дүйнөнүн (психоанализ, логикалык позитивизм, лингвистикалык фило софия, гештальтпсихология, структурализм) өз ара мамиле тилинин, априордук ой жүгүртүүчү схемалардын, психикалык структуралардын чечүүчү ролун бекемдеген филос. ж-а ил. теориялардын параллелин өз ичине камтыйт. Сүрөткерлер өздөрүнүн манифести м-н теор. ой жүгүртүүлөрүндө мына ушуларга таянышкан.
Ад.: Курсанов А. Русский авангард, 1907-1932: В 3 т. М., 2003; Поломшток И. Искусство авангарда в портретах его представителей в Европе и Америке. М., 2004; Бирюков С. Е. Теория и практика русского поэтического авангарда. Тамбов, 1998; Художники сцены русского театра XX в. М., 2002. М. Карыбекова.