АБШЫР-САЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы Көк-Жар кыштагынан 5 км түш. тарапта, Абшыр-Сай капчыгайындагы аска беттерине тартылган байыркы сүрөттөр. 1979-ж. Абшыр-Ата шаркыратмасынан 20 км түш. тарапта, суунун башатындагы аскага тартылган сүрөттөр археолог Ю. А. Заднепровский тарабынан изилденген. Бул жерден эчки-текелердин, жаныбарлардын, о. эле стилдик жагынан Араван ж-а Сүрөт-Таштагы аска бетине тартылган даңазалуу даван аргымактарына окшош жылкылардын сүрөттөрү кездешет.