АВЕСТА ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (эскиче - зенд тили) - байыркы иран тилдеринин бири. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын биринчи жарымында зороастризмдин «Авес та» деген китептери ушул тилде жазылган.

«Авестанын» тексттери адегенде оозеки колдонулуп, кийин кагазга түшүрүлгөн. А. т. эки диалектиден - эски же гат ж-а кийинки «Авеста» диалектисинен турат. «Авеста» колжазмасы 21 китепти түзөт. Бизге 4/1 бөлүгүндөйү гана жет кен. Байыркы заманда ж-а о. кылымдын ба шында «Авеста» Иранда, О. Азияда, Азербайжанда, Афганстанда кеңири тараган. А. т-н парсызороастрийлер гана (Индияда) бүгүнкү күнгө чейин диндик литургиянын тили катары пайдаланышат. А. т. синтетикалык типтеги флективдүү тилдердин катарына кирет. авзАкия, А в з акия тоолору (лат. Auzacu montes) - тарыхый топоним. Борб. Азиядагы байыркы тоо кыркасы; А. шаары да бол гон. Алардын орду так аныктала элек. К. Птолемейдин (б. з. 2-к.) «Географиясы» б-ча, А. 5055° түн. кендиктерде түш.-батыштан түн.-чыгышка 1000 кжден ашык аралыкка созулуп жаткан. А. Гумбольдт (1843), В. В. Григорьев (1873), Ф. Рихтгофен (1877) ж. б. Теңир-Тоо тоо системасы А-га туура келет дешкен. А. Хермандын (1911) оюнча А. - кеңцик багытта эмес, мери диан б-ча Чыгыш Алай м-н Чыгыш Памирдин ордун басып жаткан тоо. А. калаасын айрым изилдөөчүлөр А. тоолорунун батыш жагына жайгаштырса, кээси Синьцзяндагы Ак-Суу ж. б. шаарлардын аймагынан издешет.