АБЕЛЯР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын -

4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – о. кылымдагы француз философу, тео лог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-ж. өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши м-н аяктаган. А-дын көз карашына рациона лизм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). А-дын ою б-ча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс м-н ырасталышы керек. Ыйык жазуулар ж-а чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, а. и. «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, ченөлчөмү - адамдын кылык-жоругу м-н уят-сыйытынын өзара шайкеш келиши. А-дын чыгармалары азыр да окумдуу. Т. Эсенгелдиев.