АБДУМОМУНОВ Токтоболот

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Токтоболот (15. 8. 1922, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы - 26. 12. 1989, Бишкек) - улуттук драматургиянын негиз салуучуларынын бири, классик драматург.
АБДУМОМУНОВ34.png

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1986), Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1972), Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. туңгуч лауреаты (1967).
1938-ж. Фрунзе ш-ндагы медтехникумду бүткөн. Эмгек жолун Алай р-ндагы Гүлчө айылында фельдшердик кызмат м-н баштан, ки
йин журналисттик кесипке өткөн. 1941–59-ж. аралыгында Кыргыз респ. радиокомитетинде редактор, Ош обл. «Ленин жолу» гезитинде котормочу, «Советтик Кыргызстан» журналында бөлүм башчы болуп иштеген. 1959-ж. Кырг-н ЖСнун секретары, 1974-жылдан КРдин театр коомунун председатели болуп шайланган. Кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли А-дун аты м-н ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде» баяндаган. Психол. жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандар тобун жараткан. 1944-ж. анын «Борбаш» аттуу комедиясы Кыргыз мамл. драма театрында коюлган. 1947-ж. нефть изилдөөчүлөрдүн татаал турмушуна арналган «Кумдуу чал» пьесасын, кийин «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950) ж. б. пьесаларын жазган. «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашырбай» пьесалары автордун дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап турат. «Абийир кечирбейт» (1962) Москвада ж-а бир катар башка шаарларда көрсөтүлүп, 1977-ж. анын 400 жолу коюлушу салтанаттуу майрамдалган. «Каркыралар кайтканда» (1965), «Сүйүү жана үмүт», «Бюро жүрүп жатат» (1969), «Жыгылган оогонго күлөт» (1968), «Жарыктык карыларым» (1980) ж. б. пьесаларында моралдык актуалдуу маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш» (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт» (1966), «Тандалган чыгармалар» (1973), «Ашырбай»
, «Пьесалар» (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан. А. комедия жанрынын да чебе ри. Анын калеминен «Эч кимге айтпа», «Маашырбек үйлөнөт», «Алдар көсөө» ж. б. комедиялар жаралган. «Атабектин кызы» драмасында инсандын моралдык-этикалык жактан жетилиши, адеп-ахлагынын жеке калыптанышы сүрөттөлгөн. «Атабектин кызынын» жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көр көм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн мыйзамченемдүүлүгүн мүнөздөйт. Драматургдун «Таалай гүлдестеси» пьесасы (1970) Вьетнам элинин баатырдык күрөшүн чагылдырат. Кыргыз ад-тынын ма селелерине байланышкан бир катар публ. ж-а сын макалалардын автору. Ал СССР Жогорку Советинин ж-а Кыргыз ССР Жогорку Совети нин депутаты болгон. Үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамл. акад. драма театрына, Бишкек ш. бир көчөгө анын ысымы берилген.
Ад.: Артьисбаев К. XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004; Садыков А. Токтоболот Абдумомунов (чыгармачылык өнөркана сыры). Б., 2002. А. Садыков