АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– жабык жайда, транспорт каражатында ж. б-дагы абанын темп-ра сын, салыштырма нымдуулугун, тазалыгын, курамын, кыймыл ылдамдыгын адамдын өзүн жакшы сезишине ж-а технол. процесстер, приборлор м-н жабдуулардын жакшы иштөөсүнө ылайыктап ж-а андай кырдаалды автоматтык жол м-н кармап туруу. А. к.– абаны даярдап, ташып бөлүштүрүүчү ж-а анын мүнөздөгүчтөрүн автоматтык түрдө жөндөп, аралыктан көзөмөлдөп, бардык процесстерди башкарып туруучу тех. каражаттар жыйындысынан турган кон дициялоо системаларында жүргүзүлөт. А. к. системалары борб. (бир нече бөлмөнү тейлейт) ж-а жерг. (бир бөлмөнү же анын бөлүгүн тей лейт), жыл бою ж-а жыл мезгилдеринде иштөөчү болуп бөлүнөт. А. к. системаларына бир, эки каналдуу, түз агуучу, тышкы гана абаны иштеп чыгып, аны жылдыруучу, тышкы ж-а ички абанын (кайра айлануучу) кошундуларын иштетүүчү тех. каражаттар кирет.