АБА (зат)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жер атм-сын түзүүчү, негизинен азот (78,08%) м-н кычкылтектен (20,95%) турган газдардын аралашмасы. Анын калган курамын инерттүү газдар (аргон, гелий, криптон, ксенон ж. б.- 0,94%), суутек, озон, азот (IV) ж-a көмүртек (II, IV) оксиддери, аммиак, метан, күкүрттүү газдар ж. б. түзөт. А-нын орточо мол. массасы 28,966; тыгыздыгы 1,2928 г/л, сууда эригичтиги 29,18 см /л; суудан 400 эсе жеңил. А-да азоттун, кычкылтектин ж-a инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Анын курамындагы суу буусу жыл мезгилине, климатка ж-a аба ырайына жараша 0,1% тен 2,8% ке чейин өзгөрүлөт. Кычкылтектин туруктуу болушун жер бетиндеги өсүмдүктөр камсыз кылат (к. Фотосинтез). Көмүр, азот оксиддеринин, күкүрттүү газдардын концент-сы шартка жараша өзгөрүлөт. Өнөр жай ишканалары көп чоң шаарларда бул газдар арбын бөлүнөт. Металлургия, химия өнөр жайы, автотранспорту, адамдын чарба тиричилиги көмүртектин оксиддери сыяктуу зыяндуу газдардын көбөйүшүнө алып келип, А-ны булгайт. Атом ж-a термоядро куралдарын сынап жардырууда радиоактивдүү газдар бөлүнүп, жер бетинин 8–12 м бийиктигинде радиоактивдүү катмарды түзөт. А-нын булганышы адамдын, айбандардын ж-a өсүмдүктөрдүн жашоо шартын начарлатып, түрдүү ооруга чалдыктырат. А-нын басымы 0°Сде 760 сым. мам. мм барабар. Суюлтулган А.– көгүш түстөгү суюктук; тыгыздыгы 0,96 г/см (-192°С). Нормалдуу басымда – 190°Сде бууланат. Аны Дьюар идиштеринде сактайт. Кычкылтекке караганда азот м-н аргон тез буулангандыктан, суюк А-нын курамы туруктуу болбойт. Суюлтулган А-ны фракциялык буулантуу жолу м-н таза азот, кычкылтек, аргон ж. б. газдар алынат. А-нын курамында кычкылтек болгондуктан ар түрдүү процесстерде (отунду күйгүзүү, рудадан металлды эритүү, хим. заттарды өндүрүштө алуу) хим. агент катары колдонулат. Ал өнөр жайда кычкылтек, азот, инерттүү газдарды алуунун негизги булаты. Адамдын жашоосу үчүн А-нын проценттик курамы, темп-расы, нымдуулугу ж-а кыймылы чоң мааниге ээ. А.- жаныбарлар ж-а өсүмдүктөр үчүн жашоо чөйрөсү.	.

Ад.: Соколов В. А. Газы земли. М., 1966; Боттан Л. Дж. Загрязненное небо. Пер. с англ. М., 1967.

Б. Бегалиева