АЛА-ТОО КРОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Crocus alatavicus) ‒ чекилдектер тукумунун бир түрү. Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Пияз түбү тоголок, бийикт. 1‒2 см, калыӊ күрөӊ кабыктарга оролгон. Жалбырагынын саны 5‒15, кууш тасма сымал, гүлү ак, жыпар жыттуу, мөмөсү сүйрү кутуча. Февраль, апрелде байчечекейден кийин эле эрте гүлдөөчү өсүмдүк. Март, июнь айларында уругу бышат. Кыргыз Алатоосунда, Талас, Фергана ж-а Чүйдүн сары топурактуу өрөөндөрүндө, адырларында таралган кооз өсүмдүк.