БАГЫШ уруусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
кыргыздардын оӊ канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Санжыралык уламыш б-ча, Тагай бий ак үйлүү болуп Эреше Ханга барганда, ал жерден үйлөнүп, аялы боюнда бар кезде мекенине кайтып келет. Кетер алдында аялына: «эгер эркек бала төрөсөӊ атын Чоро деп кой, себеби мен ханга чоро болуп жүргөндө төрөлдү. Эр жеткенде анын улуту кыргыз, уруусу үчбагыш, атасы Тагай экендигин айт, азамат болсо мени издеп табаар», ‒ деп айтып, белги катары кестигин (бычагын) калтырып кетиптир. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Карачоро коёт. Бирок анын кичине кезиндеги ылакап аты Жангороз болгон экен. Эр жеткенде Карачоро атасынын чоо-жайын угуп, аны издеп табат. Эл аны Тагайдын Б. баласы деп, Б. атка кондурат. Уламыштагы маалыматтар б-ча Карачоро, Жангороз, Багыш деген аталыштар Б. уруусуна таандык. Изилдөөчүлөрдүн пикири б-ча, Б. уруусу кыргыздардын чоӊ багыш, сарыбагыш, карабагыш уруулары м-н тектеш уруулардан болгондугун алардын этнонимдери аркылуу белгилешип, бул уруулардын түпкү тегин о. кылымдардагы түш. сибирлик кыргыздар м-н байланыштырат. Этнограф С. М. Абрамзондун пикири б-ча, Б. этноними байыркы мезгилдеги тотемдик түшүнүктөн жаралган. Окумуштуу анын жаралуу генезиси Түш. Сибирь аймагында болгон деген жыйынтыкка келген. Анткени багыш аттуу жаныбар Теӊир-Тоо аймагында жашабайт, ал тараган ареал Түш. Сибирь аймагын камтыйт деген көз карашын билдирген. Б. уруусу ожубак, коржу, көнөк, көкүм, бадам, кошпычак, эрназарбек ж-а могол уруктарына тарайт. Суумурун (нурмамбет) ж-а келдике (көнөк) деп аталган бөлүктөрү солто м-н сарыбагыш урууларынын курамына аралашып кеткен. Ожубак‒кандуу моюн, көкүм‒доскулу, коржу‒мадемил, майдан бутактарына тарайт. Бадам уругу ‒ куттуксейит, узунжете, алакуржун, акмончок, көкмончок, аккөйнөк, байтөбөт, чычар ж. б. топторго бөлүнөт. Көнөк уругу сарыгул, төмөнчекти, баястан, ырай, күчүк, найман ж. б. топторго ажырайт. Б. уруусунун ичиндеги могол, найман, черик уруктары ‒ бул урууга кыргыздын аталган урууларынын бөлүктөрүнөн кошулгандыгын далилдешет. Б. уруусу жайгашкан чөлкөмдөргө Ала-Бука р-нунун басымдуу аймактары: Чаткал, Аксы, Талас, Токтогул р-ндорунун айрым жерлери кирет. Мындан тышкары, Чүйдө солто уруусунун ичиндеги

суумурун (нурмамбет) ж-а Кочкордогу сарыбагыштардын арасындагы келдике уруктары Б. уруусунан тараган. Р. Жолдошов.