БАБИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ диний сектанттык окуу ж-а саясий кыймыл. 19-к-дын 40‒50-ж-нда Иранда шахтын жеке бийлигине ж-а чет өлкө капиталына каршы нааразычылыктан улам пайда болгон. Баб атка конгон шираздык соодагер Али Мухаммед (1819‒47) негиздеген. Бийлик тарабынан Баб камалып, түрмөдө «Баян» деген китебин жазган. Анда адамдардын теӊдиги, алардын укугун коргоо, бабилердин бийлигин орнотуу, баби тууралуу идеясы айтылган. Бабдын окуусун анын шакирттери ‒ Мухаммед Али Барфуруши, Куррат ал-Айн андан ары улантышып, салыктын бардык түрлөрүн, жеке менчикти жоюу, аялдар теӊдигин үгүттөшкөн. 1848‒52-ж. Бабилердин көтөрүлүшү басылган соӊ Бабдын окуучусу Бехал жаӊы окуу ‒ Бехаизмди негиздеген.