БААТЫРКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Ногой уулу (1843‒1928, Ысык-Көл

өрөөнү, Сары-Дөбө айылы) ‒ Түп аймагында 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылды жетектегендердин бири; Түп болуштугунун болушу. 1916-ж. август айында Б. жетектеген көтөрүлүшчүлөр Түптөгү Преобреженский кыштагына бир нече жолу чабуул коюшкан. Бирок, курчоодогуларга жардамга келишкен жакшы куралданган орус падышачылыгынын аскерлери не туруштук бере албай чегинүүгө мажбур болушкан. Падыша өкмөтүнүн жазалоочу отрядына катуу каршылык көрсөтүшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн күчү теӊ болбогондуктан, айласыздан октябрь айында Кытайга кире качууга аргасыз болушкан. Качкындардын Б. баштаган тобу Текес, Кулжага чейин барышкан. Алар 1818-ж. гана өз жерине кайтып келишкен.