АФРОДИТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ грек мифологиясындагы сүйүүнүн ж-а сулуулуктун пири; Зевс м-н Дионанын кызы (дагы бир мифтик вариант б-ча деӊиз толкундарынын көбүгүнөн жаралган). А-нын түбөлүк жаштыгы, жандуу образы б. з. ч. 1-к-да римдик акын Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» поэмасында таасын чагылдырылган. Аны түбөлүк жаздын ж-а жашоонун, түшүмдүүлүктүн, о. эле никенин, төрөттүн пири катары да кабылдашкан. Мифология б-ча махабатка туш болгон кудайлар ж-а бардык адамдар А-нын бийлигине багынышкан. Гомер б-ча ага Афина, Артемида ж-а Гестия гана баш ийген эмес. А-нын күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн темир уста, бирок өтө куник Гефест кудай болгон. Кифер а-нда, Афиныдагы акрополдо А-га

арналып храмдар, о. эле Грекиянын башка аймакта рында, өзгөчө Кичи Азияда, Сирияда табынуучу

Венера Милосская. Мрамор. б. з. ч. 130‒120-ж., Париж, Лувр.

ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар ж-а египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. А-нын антикалык көркөм-сүрөт иск-восунда А. Книдская (б. з. ч. 4-к.), А. (Венера) Милосская (б. з. ч. 2-к.) статуялары кеӊири белгилүү.