АК-ТУРПАК СЕЛЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Ак-Турпак кыш-нан 3 км түштүктө, Сох өрөөнүндө. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон кызыл түстүү карбонаттуу чөгүндүлөр түзөт. Кен чопо, аргиллит тектеринде «карст» процессинен пайда болгон Ак-Турпак үӊкүрүндө жайгашкан. Аргиллит ж-а селенит катмарлары тик жайгашып, үӊкүрдү бойлой батыштан чыгышка карай кетет. Селенит катмарлары кызыл (үӊкүрдүн түш. бөлүгүндө) ж-а боз (үӊкүрдүн түн. бөлүгүндө) аргиллиттер менен кезектешип жатат. Ал 5‒20см калыӊдыктагы кабатча ж-а линза түрүндө кездешет. Өӊү кызгылт, агыш, тунук ак. Селенит нык, жибектей жалтырайт. Андан кооз буюмдарды жасоого болот.