АКУЛАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Selachomorpha) ‒ эбелек бакалоор луу балыктардын чоӊ түркүмү. Дене уз. 20‒30см

ден 20 мге, салмагы 14 тга чейин жетет (алп ж-а кит сымал акула). Териси жалпак (плакоид) кабырчыктар м-н капталган. Башынын капталында адатта 5 жуп бакалоор жылчыгы жай гашкан. Куйрук сүзгүчү чоӊ, тиштери курч, конус сымал. А-га 8 түркүм, 21 тукум, 85ке жакын уруу, 250 гө жакын түр кирет. Көп

АКУЛАЛАР12.png

чүлүгү деӊиз тереӊинде же түбүндө (3000 м тереӊдикке чейин) жашайт. Эӊ тереӊдикте жашаган кээ бир түрлөрүнүн жарык берүүчү органы ‒ фотофорлору бар. Айрым түрү тузсуз сууларда да кездешет (Амазонка д., Никарагуа көлү). Алар жырткычтар ‒ балык, моллюска, омурткасыздар м-н азыктанат, алп ж-а кит сымал акула ‒ планктонофагдар. Тирүү, жумуртка-ти рүү ж-а жумуртка туучулары бар. Бардык, өзгөчө тропик океандарында кездешет. 10го жакын түрү (тикенектүү акула катран) Кара ж-а Ыраакы Чыгыш деӊиздеринде, уюлдук А. Түн. муз океан алкактарында жолугат. Көпчүлүгүнө промыселдик аӊ уулоо жүргүзүлөт. Кээ бир түрлөрү кишиге кол салат.