БАДАМ
Jump to navigation
Jump to search
(Amugdalus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусу, дарак же чала бадал. Бийикт. 8‒10 м. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү ак же күлгүн, жалбырак байлаганча же аны м-н чогуу ачылат. Б. түктүү ж-а түксүз болот. Мөмөсү ‒ данекче. Кургакчы
лыкка чыдамдуу. Эрте гүлдөгөндүктөн жазгы суукта үшүп кетиши мүмкүн. Отургуз
гандан 3‒4 жылдан кийин мөмө берет. 50дөн ашык түрү бар. Кырг-ндын түштүгүндө Лейлек, Сузак ж-а Ноокен р-ндорунда өстүрүлөт. Кадимки Бобовник, Петунникова сорттору көп тикендүү, Бухара түрлөрү өтө кеӊири таралган.
Данеги кондитер ишинде, эфир майын алууда ж. б. пайдаланылат. Анын кээ бир түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.