БАГДАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:16, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Ирак Респ-нын борбор шаары. Багдад мухафазасынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 6,1 млн (2011; шаар айланасы м-н 6,5 млн). Месопотамия ойдуӊунда, Тигр д-на Дияла д. куйган жерге жакын жайгашкан. Өлкөнүн негизги транспорт түйүнү. Дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар.

Археол. маалыматтар б-ча Б. орун алган жерде алгачкы турак-жайлар б. з. ч. 19‒18-к-да эле курулган. Азыркы Б-га жакын аймактардан шумер-аккад, вавилон, парфия мад-ттарына таандык эстеликтер табылган. Б. аталышы байыркы перстердин «бага» ‒ алла ж-а «дад» ‒ берген, б. а. «алланын бергени» (тартуусу) деген сөздөрүнөн келип чыккан деген маалымат кеӊири таралган. Азыркы Б. 762-ж. Мадинат ас-Салам (араб. дүйнөнүн шаары) деген аталышта Аббасилер династиясынын 2-халифи аль-Мансур тарабынан негизделген ж-а Халифаттын борбору болуп калган. Шаардын Жер Ортолук деӊизди, Борб. ж-а Түш. Азияны, Чыгыш Африканы бириктирген соода жолдорунун тоомунда жайгашуусу анын өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Б-дын гүлдөгөн учуру халифтер Харун ар-Рашид (786‒809) ж-а Момун (813‒833) башкарган мезгилге туура келет. Бул мезгилде Б. о. кылымдык араб-мусулман маданиятынын , илимдин ири очогуна айланган. Б-дын атагы алыска тарап, «Миӊ бир түн» жомогунда даӊкталган. Абассилер бийлиги начарлагандан кийин Б. акырындык м-н өзүнүн саясий маанисин жоготкон. 836‒839-ж. халифтер Самарда жашашып, Б-ды гулямдардын гвардиясына башкарууга беришкен. 945-жылдан шаар Ирандын Буилер династиясынын бийлигине өткөн, ал эми 1055-ж. селжуктар басып алган. 9‒13-к-да кайрадан илим ж-а мад-ттын борборуна айланган. 1258-ж. Аббасилер халифаты Хулагу баштаган монгол аскерлери тарабынан кыйратылып, Б. талап-тонолгон. 14‒15-к-дын чегинде Б. эки жолу (1392‒93, 1401‒05) Тимур тарабынан басып алынып, бүлүндүрүлгөн. 1508-ж. шаар Сефевилер державасынын курамына кирген. 16‒17-к-дар аралыгында Осмон империясы м-н Ирандын ортосунда Б. үчүн согуштар болуп өткөн. 1534-ж. түрктөр ээлесе, 1623-ж. ирандыктарга өткөн. 1638-ж. биротоло Осмон империясына кошулуп, 19-к-дын ортосуна чейин Багдад пашалыгынын (кийин Багдад вилайети) борбору болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда англичандар басып алып, 1920‒21-ж. Улуу Британиянын мандат м-н башкарылуучу аймагынын адм., 1921-жылдан Ирак королдугунун борбору, 1958-ж. Б-да рев-я жеӊип чыгып, Ирак Респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган. Ошол кезден анын борбору. 1990‒91-ж. Кувейт кризисинин учурунда Б. антиирактык коалициянын бомбалоосунан өтө жапа чеккен. 2003-ж. АКШ ж-а анын союздаштарынын аскерлеринин киргизилиши учурунда Б.шаары аткылоого ж-а бомбалоого дуушарланган.
Нефть ажыратуу (Уд-Даурдагы ири з-д), нефть-хим., тамак-аш‒татымал, текстиль, булгаары, цемент, эмерек өнөр жайлары, кирпич з-ду, ири кол өнөрчүлүк промыселдери, борб. Ирак банкы иштейт. 12‒13-к-дагы араб арх-ра

Багдад. «Алтын мечит».

сынын эстеликтери, исламга мүнөздүү зодчийлик, Аббасиддер сарайы (12-к-дын аягы, 13-к-дын башы, 1935-жылдан музей, 20-к-да реставрация ланган), Зубайда мавзолейи (13-к-дын башы), Мааруфа аль-Кархи (1215, кайра курулган), аль-

Рамадан мечити ж-а Белгисиз жоокерге эстелик.

Мустансария медресеси (1227‒33, 1823-ж.; кайра курулган), Сук аль-Газаль (1279), медресе ал-Маржания (1356; 1786-ж. жаӊыртылган, хан Маржан кербен-сарайы, 1358‒59; 1937-жылдан музей), Муса аль-Кадимдин Алтын мечити, мавзолейи (1515-ж. салынган; 17‒20-к-да оӊдолгон) сакталган. Жаӊы Б. кайра конструкцияланып, курулууда. Көчөлөр көрктөндүрүлүп, кеӊейтил ген. Банк, дүкөндөр, соода борборлору, «14-июлдагы революция» аттуу монумент, Белгисиз солдаттын эстелиги, Тигр д-нын батыш жээгиндеги ар-Рабат сарайы, аэропорт курулган. Парламенттин жаӊы имараты, отел, кинотеатрлар, мечиттер, көп кабаттуу үйлөр ж-а коомдук жайлар курулууда.
Б-да Ирак академиясы (1997-жылдан), Ирак мед. коому (1920), ил.-из. мекемелери (1963), а. ч. ж-а суу ресурстарын изилдөөчү борбор (1980), араб ад-ты ж-а чоӊдорго билим берүү (1966), француз маданий бробору (1950) ж. б., ун-ттер (Багдад, 1957; Аль-Мустансария, 1963; технология, 1975) бар. Китепканалар, Ирак музейи (1934-жылдан), Улуттук (1961), Багдад ун-тинин алдындагы (1960), этногр. (1941-жылдан; учурда сүрөт галереясы), Мадаин (исламга чейин мад-т) музейлери, улуттук театр иштейт.
Ад.: Ковтунович О. В., Ходжаш С. И. Багдад. М., 1971; Герасимов О. Г. Ирак. М., 1984; Михайлов И. Б. Средневековый Багдад. М., 1990.
Р. Карачалова, А. Орозов, Н. Жылдызова.