БАБУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
З а х и р а д-д и н М у х а м м е д [14. 2. 1483, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) ш. ‒ 26. 12. 1530, Индостан, Агра ш.] ‒ Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү;

мамл. ишмер, акын ж-а жазуучу. Тимуриддер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Б. 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент ж. б. ш-ды өзүнө багындырган. Аму-Дарыя м-н Сыр-Дарыянын аралыгында (Мавераннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген ж-а аны

Захир ад-дин Бабур. Орто кылымдагы миниатюра.

ишке ашыруу үчүн башка хандар ж-а бектер м-н таймашып келген. 1501-ж. Б. Самарканды басып алган, бирок Мухаммед Шейбанинин аскерлерине туруштук бере албай, ошол эле жылы шаарды калтырып кеткен. 1504-ж. Шейбани башында турган көчмөн өзбектер Б-ду Ферганадан кууп чыккан соӊ, ал Афганстанга кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Б. азыркы Кабул ш-н каратып алган. Анын 1512-жылга чейин өз мекени Бухара м-н Самарканд аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүнөн майнап чыккан эмес. 1519-ж. Б. Индияга жортуул жасап, 1525-ж. Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди м-н 1526-ж. Панипата талаасында, 1527-ж. Раджпут князы Сангра Сингхти Кхануанын жанында жеӊип чы гып, 1529-жылга чейин ал Чыгыш Афганстанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгали янын чегине чейин өзүнө каратып

«Тахти-Сулайман дагы худжра (үжөрө). «Бабурдун үйү» (Ош ш.)

алып, бул аймакта Могол империясын негиздеген. Мамлекеттин борбору Дели ш. болгон. Б. мамлекеттин экономикасын, сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Шейбаниддер мам лекети м-н жоолашып келгендигине карабастан О. Азия элдери м-н соода ж-а элчилик карым-катнаштарды түзүүгө аракеттенген. Орус жылнаамалык даректерине караганда Б. Россияга, Василий III Ивановичке достук, соода катнаштарын түзүү тууралуу кат жазып, 1532-ж. элчи жиберет. Жаӊы мамлекет ‒ Улуу Моголдор империясы Индияны англичандар басып алганга чейин (1856) өкүм сүргөн. Б. Агра ш-нда дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кабул ш-на алып келинип, Шердарбаза тоосунун этегине коюлган. Бул жер «Бабур багы» деп аталат. Ал өзүнүн өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу атактуу «Бабур-наама» китебин жазган. Б. лирикалык ырлардын, аруз ж-дөгү трактаттын (ыр жазуу өнөрү тууралуу) бир канча китептердин автору. Көп эмгектери кыргыз тилине да которулган.
Чыг.: Анрика. М., 1957; Бабур-наме. Записки Бабура //Пер. М. Салье, Таш., 1958; Бабур-нае// Бабур З. М. [Избранное Таш. 1982. Кн.2]
Ад.: Кор-Оглы Х. Г., Узбекская литература. М., 1968; Азимжанова С. А. Государство Бабура в Кабуле и в Индии. М. 1977; Алаев Л. Б. Средневековая Индия. СП б., 2003. З. Эралиев.