АЯККАП
Jump to navigation
Jump to search
‒ идиш-аяк сактай турган, керегеге илип коюучу буюм. А. ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасында, байыркы мезгилде ку
лун м-н койдун терисинен, кийизден, таардан, кездемеден, кийинчерээк баркыттан жасалган. А. көчмөн турмушка ылайыкталган. А-тын
оозу үч, төрт бурч же жарым айлана түрүндөгү капкалдырыгы м-н жабылат. Анын көрүнөө бети м-н капкалдырыгы оймо-саймалар, четтери торлуу чачылар м-н кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн А-тын
эки четине илгич тагылган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр А. сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.