АЭРОДИНАМИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
гидроаэромеханиканын бир бөлүмү. Ал абанын кыймыл закондорун ж-а абага карата кыймылда болуучу катуу нерсенин бетинде пайда болгон күчтөрдү изилдейт. 20-к-да авиациянын талабына ылайык өз алдынча илим катары пайда болгон. Анын негизги маселелеринин бири ‒ нерсеге аракет этүүчү А-лык күчтү эсептөө жолу м-н учуучу аппараттын долбоорун иштеп чыгуу. А. теориялык ж-а эксперименттик болуп бөлүнөт. Теориялык А. самоёттун А-лык эсептөө ыкмаларын ж-а А-лык күч м-н моментти аныктоо жолдорун иштеп чыгат. Самолёттун А-сына туруктуулук эсептөөлөрү ж-а самолётту башкаруу, о. эле абанын турбуленттүүлүгүнүн теориясы кирет. Учуучу аппараттын кыймылынын туруксуз режимине байланышкан маселелерди учуу динамикасы карайт. А-нын теориялык маселелери гидроаэро механиканын теӊдемелерине негизделип чечилет. Эксперименттик А. ыкмалары окшоштук теориясынын негизинде А-лык күчтү аныктайт, ал кичине масштабдагы аппараттын моделин сыноодо учуучу аппаратка таасир этет. А-нын авиация эмес кошумча кеӊири аймагына өнөр жайлык А. деп аталган бөлүмү кирет. Мында аба үйлөтүү, шамал кыймылдаткычтары, шорголоочу аппараттар, желдеткич техникасына байланышкан маселелер, о. эле жер алдындагы транспорттун кыймылында, курулмалар м-н имараттардын шамал күчтөрүндө пайда болгон А-лык күчтөр м-н байланышкан маселелер каралат.