АШКАБАК
Jump to navigation
Jump to search
(Cucurbita L) ‒ өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык чөп өсүмдүгү. Дүйнө жүзүндө 20 түрү бар. Негизинен анын 3 түрүнүн (ири жемиштүү, катуу кабыктуу же кадимки ж-а мускат) мааниси чоӊ. Ири жемиштүүсүнүн сабагы узун, чырмалып же төшөлүп өсөт; жалбырагы жазы, гүлү коӊгуроо сымал, өӊү сары, жемиши чоӊ (40‒50 кгдай), тоголок, боз же ак түстө, уругу саргыч же ак, сулпу, кабыгы жумшак. А-тын тоют ж-а тамак-ашка пайдалануучу түрлөрү бар. Катуу кабыктуу же кадимки А-тын сабагы кырдуу, жалбырагы манжа сымал, тикендүү. Жемиши сүйрү, жалтырак, кочкул сары, сулпу саргыч, таттуу. А-тын бардык түрүнүн гүлү айрым жыныстуу, кайчылаш чаӊдашат. Мускат, Кашгар-1644 сорттору өстүрүлөт. А-та кургак заттар, түрдүү кант, С витамини, каротин ж. б.; уругунда май болот. А-тын уругу м-н жемиши дарылыкка колдонулат.