Тармактык Энциклопедия:AЧE

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 А ч е х – тарыхый облус. Суматра (Индонезия) а-нын түндүгүндө жайгашкан. 1-миң жылдыкта бул аймакка алгачкы Малай мамлекеттери отурукташкан. 8-к-дан исламдын жайылышынын борбору. 16-к-га чейин аймак Пасей султанатынын курамында. 16-к-да көз карандысыз мамлекет катары Аче султандыгы түптөлгөн. А-нин экономикасы калемпир соодасына (Түш.-Чыгыш Азиядан Европага калемпирди биринчи жолу импорттогон) негизделген. А. Мекка, Осмон империясы, Улуу Моголдор империясы, Кытай, Индустан ж-а Индокытай мамлекеттери м-н соода ж-а маданий байланыштарды түзгөн. 17-к-дын ортосунда А. аймагында голландиялыктар пайда боло баштаган. 19-к-дын 1-жарымында голландиялыктар м-н болгон кагылышуулар Аче согушуна айланган. Согуш А. султанатынын жоюлушуна ж-а голландиялык бийликтин орношуна алып келген. А. калкы голландиялык колонизаторлорго каршы боштондук үчүн узак убакыт күрөшкөн. 1976-ж. А-нин саясий көз карандысыздыгы жарыяланган.