«АЗИЗ ИНСАНДАРДЫН БАЯНЫ»
«АЗИЗ ИНСАНДАРДЫН БАЯНЫ» («Тазкира-и азизан») – Чыгыш Түркстанга тиешелүү Мухаммед Садык Кашгаринин (1730–1820) тарыхый эмгеги. Эмгек 1768–1769-жылдары жазылып, ал 1452-жылы өлгөн белгилүү диний ишмер Махдум-и Азамдын (Жалал ад-дин Касани) Кашкардагы тукумуна арналган жана негизинен XVII–XVIII-кылымдардагы саясий окуялар камтылган. Эмгектин өзөгүн Махдум-и Азамдын улуу уулу Эшен-и-Калан (Калам) деген ысым таанылган Мухаммед Амин кожо жана төртүнчү уулу Исхак Валинин ортолорундагы диний карама-каршылыктардын натыйжасында «ак-тоолуктар» (кара: «Ышкиййа тарыкаты») менен «кара-тоолуктар» (кара: «Ысхакиййа тарыкаты») агымдарынын пайда болушу түзөт. Көпчүлүгүн кыргыздар түзгөн кашкарлыктар «ак тоолуктарды», ал эми Жаркент шаарынын айланасындагы кыргыздын сол уруулары «кара тоолуктарды» колдоп, Кашкарга хан болгон (1671–1682) Исмаил дагы «кара тоолуктар» тарабында болуп, ал «ак тоолуктардын» өкүлү Аппак кожону (Идаятулла) Чыгыш Түркстандан Тибетке качууга аргасыз кылганы баяндалат. Аппак кожо өлгөндөн кийин «кара тоолук» жана «ак тоолук» кожолордун бийлик талашуусу кайра күчөп, кезек-кезеги менен «ак тоолуктар» атанган кашкарлыктар да, «кара тоолук» Жаркент шаары да кыргыздардан жардам сурап турушкан. Мухаммед Садык Кашгаринин бул эмгегин Ч. Валиханов кеңири пайдаланып, андан кийин Л. И. Думан, М. А. Салахетдинова, М. Кутлуков, И. Сайдуллаев сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуулар жана немец чыгыш таануучусу М. Хартманн изилдеп чыккан. Аталган эмгек Чыгыш Түркстан, анын ичинде кыргыздардын тарыхын окутууда өтө маанилүү булактардын бири болуп эсептелет.
Ад.: Мугинов А.М. Описание уйгурских рукописей Института народов Азии. М., 1962