АДИАБАТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:14, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДИАБАТА – термодинамикалык абал диаграммасында пайдаланылуучу адиабата процессин сүрөттөөчү сызык. Идеалдык газ үчүн Адиабата өтө жөнөкөй түрдө Пуассондун тендемеси pV

= const менен жазылат, мында р – газдын басымы, V – салыштырма көлөмү, у = Срү газдын турактуу басымда­гы жана көлөмдөгү салыштырма жылуулук сы­йымдуулуктарынын р жана Сү) катышына барабар Адиабата көрсөткүчү. Бир атомдуу газ үчүн (аргон, неон ж. б.) бөлмө температурасында ү=1,67, ал эми эки атомдуу үчүн ү=1,4кө барабар.