АУБАКИРОВ Маннаф
АУБАКИРОВ Маннаф (Манаф) [26. 08. 1926, Казак АССРи (азыркы Казакстан), Чыгыш Казакстан облусу, Зайсан шаары‒ 1945, Лебус шаарына жакын, Бранденбург провинциясы, Улуу Германия империясы (азыркы Германия)] ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келишкен. Советтик Армияга 1943-жылы мартта жашын оңдоп (туулган жылын 1925-жыл деп көрсөтүп), Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен Кыргыз ССРинин Тянь-Шань облусунун Кочкор райондук аскер комиссариаты тарабынан жиберилип, Талаа, 1-Беларус жана 2-Прибалтика фронтторунун курамында замбирекчилердин командири болуп катышкан.
Курск салгылашуусунда, Пулавск плацдармында жана душмандын Варшава ‒ Радомск топторун талкалоодогу эрдиги үчүн 3-даражадагы (25. 08. 1944), Нова-Валя кыштагын бошотуудагы эрдиги үчүн 2-даражадагы (17. 02. 1945) Даӊк орденин алган. 1945-жылы Берлин операциясына катышып, Лебус шаарына (Германия) жакын жердеги урушта курман болгон. Ошондогу каармандыгы үчүн кийин 1-даражадагы Даӊк ордени менен сыйланган (15. 05. 1946). Баатыр жоокердин сөөгү Франкфурт-на-Одердеги Шторков шаарынын четине коюлган.
