ДЕРКЕНБАЕВ Согветбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:03, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ДЕРКЕНБАЕВ''' Советбек Мусаевич (25.4.1953-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы)...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ДЕРКЕНБАЕВ Советбек Мусаевич (25.4.1953-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – айыл чарба  илимдерининд октору (2007), профессор (2017).  К.И. Скрябин атындагы  КАЧИни (1976),   Кыргыз мал чарба ИИИнин   аспирантурасын   бүтүргөн (1981).   Кыргыз мал чарба ИИИде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, кийин жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. 1989-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде  ассистент, 1991-жылдан улук окутуучу, доцент,  кафедра башчысы  (2008–11). 2011-жылдан Айыл чарба  азыктарын өндүрүү ж-а кайра иштетүү технологиясы факультетинин деканы.  Бардыгы 130тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монография, 8 окуу куралы, 15 методикалык көрсөтмөлөр жарык көргөн. Эмг.: Селекционно-генетическая стратегия улучшения молочной продуктивности крупного рогатого скота в Кыргызстане. Б., 2005; Мал чарбачылыгынын негиздери. Б., 2010; Бодо мал өстүрүү. Б., 2006.