АКРАМОВ Эрнест Хашимович
Jump to navigation
Jump to search
АКРАМОВ Эрнест Хашимович (234.06. 1936. Фрунзе шаары – хирург, медицина илимдеринин доктору (1990), профессор (1998). Кыргыз Республикасынын Баатыры (2009). КММИни бүтүргөн (1960). Фрунзе шаардык №2‑клиникалык ооруканада ординатор, РКОдо хирург, бөлүм башчы, доцент болуп иштеген. 1992‑жылдан Чүй облустук ооруканада хирургия бөлүмүнүн башчысы. Акрамовдун аты Чүй облустук ооруканага ыйгарылган.
Эмг.: Сорбционно‑лимфатический дренаж гнойносептической хирургии (в соавторстве). Новосибирск, 1999.