БИКБУЛАТОВА Аниса Рифовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БИКБУЛАТОВА Аниса Рифовна (9. 5. 1969-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант ш.) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору. 1991-жылы Ж. Баласагын атындагы  КУУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1993–2000-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын илимий иштер боюнча бөлүм башчысы, 2000–2007-жылдары КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунда илимий кызматкер, 2007–2016-жылдары Ж. Баласагын атындагы  КМУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинде археология жана этнология кафедрасынын башчысы, 2016-жылдан профессору. 50дөн ашуун илимий макалалардын, анын ичинде 2 монографиянын автору. «Манас-1000» медалы менен сыйланган.