ГРЕЧКО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:20, 28 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ГРЕЧКО Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы облусу, Россия империясы (азыркы Ростов облусу, Куйбышев району, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – советтик аскердик, мамлекеттик жана партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-жылы өз ыктыяры менен Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түндүк Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түштүк фронттогу генералдар, анын ичинде Деникин жана П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-жылы Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс менен Түндүк Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск жана Туапсе багыттарындагы 47- жана 18-армиянын, 1943-жылдан Түндүк Кавказда 56-армиянын командачысы, 1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-жылы 15-декабрдан Украинаны, Польшаны жана Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-жылдары Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-жылдары Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-жылы ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-жылы апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-жылдары СССР Коргоо министри. Ал Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам жана Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн жана кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги менен армия жана аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары менен жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-жылдары КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-жылдары КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б. шаарларындагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2 1-даражадагы Суворов, 2 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери жана медалдар менен сыйланган.