ИСМАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:40, 29 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИСМАНОВ Таалайбек Кадырович (22. 12. 1961-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Шабдан айылы) – юрист, юридикалык илимдеринин доктору, профессор. В.И. Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1988), анын аспирантурасын (1991), эл аралык башкаруу, укук жана бизнес академиясынын юриспруденция факультетин (2006) бүтүргөн. 1991–92-жылдары КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, 1992–98-жылдары доценти, 1998–2000-жылдары начальниктин орун басары, 2000–04-жылдары кафедранын начальниги, 2004–05-жылдары КР Чек ара кызматынын башкы ыкчам башкармалыгынын аскердик-илимий бөлүмүнүн начальниги, 2005–06-жылдары КР Премьер-министринин Аппаратында коргоо жана укук тартиби бөлүмүнүн референти, КР Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынын начальниги, 2006–07-жылдары КР Президентине караштуу Улуттук гвардиянын юридикалык бөлүмүнүн начальниги, 2007–11-жылдары КРСУнун юридикалык факультетинин эл аралык укук кафедрасынын доценти, 2011–12-жылдары КР Дипломатиялык академиясында окутуучу. 2012-жылдан Кыргызстан эл аралык университетинде окутуучу. 60тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 9 китеп) автору.

Эмг.: «1917–1937-жылдары Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу» (тарыхый-укуктук изилдөөлөр). Б., 2019.