Сманбеков Темирлан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:47, 1 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

СМАНБЕКОВ Темирлан Камашович (15. 04. 1957-жыл, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Булак айылы, Бел Алды айыл өкмөтү) – театр жана кино артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти.

Сманбеков Темирлан

Чыгармачылык жолу

1974-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Ош шаарындагы педагогикалык институтка кирген. Чыгармачылык жолун 1977–1978-жылдары Ош драмалык театрынын артисти болуп баштаган. 1978-жылы пединститутта окуп жатып, Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун (ГИТИС) «Театр жана кино артисти» бөлүмүнө өтүп, 1983-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол жылы Ысык-Көл кыргыз драма театры ачылып, 3-ноябрда Москвадан бүтүп келген улан-кыздар Т. Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» спектаклин коюшкан. Бул спектаклде Т. Сманбеков башкы карман Нурдиндин ролун эң жогорку чеберчиликте аткарган (режиссёру Б. Ибраев). Ошондой эле дипломдук спектаклде дүйнөлүк классик Пьер Огюстен Карон де Бомаршенин «Фигаронун үйлөнүшү, же Тополоңдуу күн» комедиясында эң татаал ролдун бири - граф Альмавиванын ролун жогорку деңгээлде элге тартуулаган (режиссёру Н. Ковшов).

1983–1992-жылдары К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук театрынын алдыңкы актеру жана театрдын гастролдук тобунун жетекчиси болгон. 1985-жылы Челпек элдик театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси, 1986-жылы Ак-Суу районунун «Боз салкын» ансамблинин алдындагы элдик театрдын жетекчиси болуп иштеген. Ушул эле жылы Каракол шаарындагы № 11 мектеп-гимназиясынын Балдар театрын уюштурган. 1992–1995-жылдары Бишкек шаарындагы Б. Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын алдыңкы артисти катары эл оозуна алынган. 1995–2004-жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген. 1999-жылдан 2004-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик Т. Абдумомунов атындагы театрдын алдындагы театралдык окуу жайында студенттерге актердук чеберчилик боюнча сабак берип келди. Ошол окуу жайдын директору болуп да иштеди. Жетекчи болуп мыкты иштөө менен жаштарга билим берүүдө, тарбиялык ишинде ар бир студенттин жеке чыгармачылык дараметин ачып, жогорку деңгээлде окутууну жолго салган. Окуу жайдын базасында 18 миң нуска китеби бар китепкана ачууга да жетишкен.

Студенттерди, театрларга, музейлерге, концерттерге алып барууну системалык түрдө уюштурган. Өз ишин билген педагог катары тааанылып, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине татыктуу болгон.

Ошондой эле Т. Сманбеков көптөгөн мамлекеттик концерттердин, эл аралык театр жана кино фестивалдарынын алып баруучусу катары да өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп келет.

Чыгармачылык жеке ишкердиги, ишке демдүүлүгү, шыктандыруучулугу, чыйрактыгы, тил табыша билүүсү, кесипкөй, үйрөтө билүү жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүк сапаттары менен элдин сыймыгына ээ.

Актёрдук ишмердиги


Темирлан Сманбеков К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл кыргыз драма театрында иштеген он жыл аралыгында эч кимдикине окшобогон, кайталангыс ондонгон образдарды жаратты. Атап айтсак, Ж. Садыковдун «Курманбек» драмасында Корундун, М. Тойбаевдин «Жаңы келин» комедиясында Эргештин ролун түзүп, 1988-жылы Н. Гоголдун «Текшерүүчү» спектаклинде шаар башчысынын образын жеткиликтүү жаратканы үчүн «Жылдын мыкты актёру» деген наамды жеңип алган. А. Несиндин: «Жүрү бери» драмасында Эффер мырзанын ролун актёрдук бийик чеберчиликте көрсөтө алган (режиссёру М. Назаралиев). 1989-жылы Орто Азия жана Казакстан республикалары боюнча өткөн регионалдык Нооруз театралдык фестивалында Ч. Айтматовдун «Кыямат» спектаклин коюп барышып, Бостондун образын мыкты аткаргандыгы үчүн «Орто Азия жана Казакстан республикаларынын мыкты актёру» деп табылып, 1-даражадагы диплом жана республикалар аралык кинематографисттердин чоң хрусталь кубогун жеңип алган. 1983–1992-жылдары Граф Альмавиванын - «Фигаронун үйлөнүүсү» (П. Бомарше), Герцог Эскалдын – «Ромео жана Джульетта» (В. Шекспир), Сучковдун – «Адамдар арасында» (М. Горький), Нурдиндин – «Сүйүү жана достук» (Т.Абдумомунов), Эргештин – «Москвалык  колукту» (М.Тойбаев) ролдорун аткарган.

1992-жылы Түркиянын Анталия шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк балдар театралдык фестивалында Б. Жумабаевдин «Бугу эне» чыгармасын көрсөтүп, режиссуралык иши боюнча биринчи орунга ээ болгон. 1992-жылы мамлекеттик жаштар театрына которулуп, бир топ эмгектерди жаратты. Султан Раевдин «Аял» драмасында эркектин, С. Алтымышевдин «Кара кийген сулуу» драмасында Номсонун, С. Жүндүбаеванын «Кыз Сайкалдын арманы» драмасында Манастын, Т. Абдумомуновдун «Машырбек үйлөнөт» драмасында Машырбектин ролдорун чоң чеберчилик менен ойной алды. 1994-жылы Кыргыз академиялык драма театрына которулуп, бул чоң театрдын сахнасында Чынгыз Айтматов менен М. Шахановдун «Сократты эскерүү түнү» драмасында Чагатайдын образын жаратты. Ошону менен бирге Ж. Садыковдун «Адам жана азезил» драмасында Адам атанын образы Темирлан Сманбековдун өмүрүндөгү эстен кеткис этаптуу образдардан болуп калды.

Т. Сманбеков белгилүү театр актёру гана эмес, киноактёр катары да жумурай журтка белгилүү. Б. Үсөнкуловдун: «Ак чардак» кино тасмасында башкы каарман – Адыловдун, «Чиркин өмүрдө» - врачтын, «24 саатта» - полковниктин ролун жогорку деңгээлде ойноп, элге жеткирген. 2007-жылы тартылган «Аралаш» сатиралык киножурналында мектептин директорунун ролун ойногон.

Т. Сманбековдун эң эсте кала турган трагедиялуу ролу 2006-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган В. Шекспирдин «Антоний менен Клеопатра» трагедиясында Антонийдин образы болгон.

Ал эми Ж. Садыковдун «Шабдан батыр», С. Раевдин «Барсбек», Ж. Кулмамбетовдун «Өмүр бизден өтүп кетсе...», «Чынгыз жана Бүбүсайра» драмаларында башкы ролдорду ийине жеткире мыкты аткаргандыгы үчүн көрүүчүлөрдүн жана белгилүү театр сынчыларынын жогорку баасына татыган, сыйлыктарга ээ болгон. Андан соң, Т. Сманбеков Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директору, М. Жангазиев атындагы балдардын куурчак театрынын директору болуп үзүрлүү эмгектенип турганда, бул эки театрды тең бир топ алдыга сүрөгөн, эл аралык фестивалдарга катышып, Гран-При алган.

2014–2017-жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында жетекчи катары иштеген жылдары театрды эл аралык деңгээлге чыгарууга чоң салымын кошкон, жакшы спектаклдердин коюлушуна өбөлгө түзгөн.

2017–2020-жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрында директору кызматтарында иштеген.

2020-жылдан Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп эмгектенген.


Көрүнүктүү ролдору

Номсо – «Кара кийген сулуу» С. Алтымышевдики.

Бакы – «Кайталануу» О. Айдаровдуку.

Джо Фронни – «Инцидент» Ф. Бауэрдики.

Данияр – «Жамила», Исмаил – «Бетме-бет» Ч. Айтматовдуку.

Чагатай – «Сократты эскерүү түнү» Ч. Айтматов менен М. Шахановдуку.

Антоний – «Антоний менен Клеопатра» В. Шекспирдики.

Наамдары жана сыйлыктары

1988-жыл – Ысык-Көл областук маданият башкармалыгынын «Жылдын мыкты актёру» Ардак грамотасы

1994-жыл – Театралдык искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы

2000-жыл –Кыргыз Респубикасынын «Билим берүү мыктысы» наамы

2004-жыл – «Чынгыз менен Бүбүсара» (режиссёру Ж.Кулманбетов) спектаклинде Чынгыз Айтматовду аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын драматургдар ассоциациясынын сыйлыгына татыган.

2005-жыл – Бишкек шаарында өткөн Борбордук Азиянын жаңы пьесалар боюнча 1-эл аралык «Талант жана тагдыр» деген жарманкесинде мыкты продюсердик ишмердиги үчүн дипломго ээ болгон.

2005-жыл – «Маданияттын мыкты кызматкери» медалын алган.

2007-жылдан бери Россия Федерациясынын Коопсуздук жана коргонуу, тартип сактоо боюнча академиясынын академиги.

2007-жыл – Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышы үчүн кызматташууда кошкон салымы үчүн М. Ломоносов атындагы алтын медалдын лауреаты.

2008-жыл – Кыргыз улуттук маданияты менен искусствосун өнүктүрүүгө жана ошондой эле залкар жазуучубуздун чыгармаларынан жаңы спектаклдерди, ролдорду чыгарууга, коомчулукка жеткирүүгө кошкон салымы үчүн Ч. Айтматов атындагы сыйлыкка татыган.

2009-жыл – Искусствого сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ардак грамотасына» татыган.

2009-жыл – М. Рыскулов атындагы эл аралык театралдык сыйлыкка ээ болгон.

2012-жыл – Кыргыз Республикасынын «Токтогул районунун ардактуу атуулу» наамына татыган.