БАБИРУССА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:13, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБИРУССА (Babyrousa babyrussa) – чочколор тукумундагы сүт эмүүчү. Уруунун жалгыз түрү. Дене узундугу 90-199 см, жалынын бийиктиги 65-80 см, салмагы 100 кгга жетет. Башы кичине, кулагы кыска. Жону томпок, буттары салыштырмалуу бийик жана ичке. Териси дээрлик жылаңач, күрөң же кара-боз түстө, сейрек жана кыска түк менен капталган. Эркегинин үстүңкү кылкыйма тиши узун (30 смге чейин), жогору карай, дого сымал өйдө кайрылып өсүп, карган Бабирусанын үстүңкү жаак сөөгүнө кирип калат. Негизинен Сулавеси жана ага жакын аралдарды мекендейт. Жалгыздан саздуу токойдо жашайт, аралдардын ортосун сүзүп өткөнгө жөндөмдүү. Негизинен өсүмдүк менен азыктанат. 5 ай көтөрүп, 1-2 торопой тууйт. Жергиликтүү калк үй жаныбары катары кармашат. Зоопаркта жакшы көбөйөт, 10 жылга чейин жашайт. Табиятта саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.