БАБА ДЫЙКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:50, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБА ДЫЙКАН‒ дыйканчылык менен кесип кылган орто азия элдериндеги диндик, мифологиялык түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) эгинди аралап кетсе, дан мол болот деген ишеним болгон. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ынанымда пайдаланган. Ал аксакал карыя же канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ойлошкон. Түшүм мол болсун үчүн, анын урматына ырым-жырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Баба дыйкан түшүнүгү мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.