Абд ар-Рахим-хан
09:48, 25 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АБД АР-РАХИМ-ХАН''' (1560–1635) – Турпан жана Чалыш (кийинки Карашар) ханы (1596–1635), ''Абд ар-Рашид-хан...") тарабынан жасалган версия
АБД АР-РАХИМ-ХАН (1560–1635) – Турпан жана Чалыш (кийинки Карашар) ханы (1596–1635), Абд ар-Рашид-хан Iнин уулу. 1591-ж. бир тууган агасы, Моголстандын ханы (1591–1610) Мухаммед-хан III ага алгач хандыктын батышындагы Вахан жана Сарыколду, 1592/3-ж. кайра чыгыштагы Турпан менен Чалышты берген. 1596-жылдан казак султандарына, кийинчерээк ойрот-калмак жайсаңдарына таянуу менен Моголстандан (Жаркент аймагы) бөлүнүп, өз алдынча бийлик жүргүзүү, ошондой эле Куча, Бай, Аксу каратуу үчүн 40 жылга жакын күрөшкөн. Уулу Абдылда (Абдаллах) хан (1638–1668) аталган аймак кайрадан Моголстанга бириктирилген.
Ад.: Шах-Махмуд ибн мирза Фазил Чурас. Хроника /Критический текст, перевод, комментарии, исследование и указатели О.Ф.Акимушкина. М., 1976.