АЯНТ (геометрия)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯНТ г е о м е т р и я д а ‒ 1) геометриялык фигуралар менен беттердин сандык мүнөздөмөлөрүнүн бири. Аянт төмөнкү касиеттерге ээ: 1) терс эмес; 2) аддитивдүү; 3) жылдырууда сакталат; 4) бирдик квадраттын Аянты 1ге барабар. Аянтты эсептөө байыртадан эле геометриянын негизги маселелеринин бири болгон. Байыркы грек окумуштуулары айрым фигуралардын Аянттарын эсептөөнүн эрежелерин билишкен. Бул эрежелер Евклиддин «Башталыштар» аттуу жыйнагында теорема формасында берилген. Тегиздиктеги көп бурчтуктардын Аянттары көп бурчтуктарды тик бурчтуктарга келтирүү аркылуу ченелет. Айрым Аянттарды Кавальери принцибинин жардамы менен аныктоого болот. Ар кандай жалпак фигуралардын Аянттары аныкталган интегралдын жардамы менен эсептелинет. Мисалы, төмөн жагынан (а, 0) жана (b, 0) арасындагы Ox огунун кесиндиси менен чектелген, ал эми жогору жагынан терс эмес жана [a, b] сегментинде аныкталган үзгүлтүксүз f(x) функциясы менен чектелген фигуранын А-ты интегралы менен туюнтулат (к. сүрөт).

АЯНТ 190.png

Көп грандыктын бетинин Аянты анын грандарынын Аянттарынын суммасына барабар.

теӊдемеси менен берилген D бетинин туюк аймагынын аянты төмөнкү формула менен эсептелет:,мында ал эми rи жана rv болсо и жана v б-ча алынган жекече туундулар болот.

Б. Э. Канетов.