АЯЛДАР БИРИКМЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:46, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯЛДАР БИРИКМЕСИ‒ алгачкы коомдо бир нече общинадагы аялдарды бириктирген социалдык институт. Ал алгачкы коом ыдырап бара жаткан мезгилде эркектер бирикмесинин пайда болушуна каршы жооп иретинде уюшулса керек. Негизинен Батыш Африка жана Меланезия жакка тарап, аялдардын жашыруун бирикмелеринин уюшулушуна өбөлгө түзгөн. Аялдар бирикмесинде өзүлөрүнүн ырым-жырымдарын аткарышкан, жыйналышып майрамдарды өткөрүшкөн. Анын мүчөлөрү жаш курагына карата бөлүнүшкөн. Аялдар бирикмесинин калдыктары Евразиянын айрым элдеринен учураган.

                                                                                                                                           А. Жапаров.