АЭРОЧАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:05, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЧАНА‒ кыймылдаткыч айландырган аба буралгысынын (винтинин) тартуу күчү менен карда же музда сыйгаланып жыла турган механикалык чана. Аэрочананын лыжаларга орнотулган чанагы (кузову) жеӊил материалдан жасалып, аны кыймылга келтирүү үчүн кубаттуулугу 25 а.кнөн кем эмес авиациялык кыймылдаткыч колдонулат. Чананын артында 2 лыжа, алды жагында руль механизми менен башкарыла турган 1 же 2 лыжа орнотулат. Лыжалар жыгачтан жасалып, таманына металл капталат же бүтүндөй калдыркан дюралюминийден жасалат . Аэрочананын ылдамдыгы 25‒140 км/с. Түндүктө байланыш түзүүдө, арктика экспедицияларында, аэродромдо пайдаланылат.